Мектептерди китеп менен камсыз кылуу азыркы учурда билим берүү системасында чоң көйгөйлөрдүн бири. Бирок ошого карабастан бул проблема акырындап чечилип келе жатат.
«Быйыл Кара-Суу орто мектебинде бир топ окуу китептери жаңыланды. Мектептин китепканасына орус тили боюнча 5-6-класстарга жаңы чыгарылган китептер келди. Тарых боюнча китептер келип, китепканабыздын фонду бир топ толукталды, бирок дагы эле кээ бир китептер жетишпейт», — мектептин директору Насыранбекова Маруфат. 
Мектептин фондунда 1755 окуу китептери бар.1-4-класска 326 китеп , 5-9-класска 450 китеп, 11-класска 89 китеп берилген», — деди мектептин китепканачысы. Ал эми мугалимдердин айтуусу боюнча «9-класска орус адабияты китеби, англис тили китептери жана башталгыч класстарга математика китептери жетишпейт».