“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылдык депутаттар менен жолугушуу

1 Февраль 2019 жыл 17:18
Көрүүлөрдүн саны: 56

31-январда Кара-Суу Айылдык Кеңешинин Кара-Суу айылынын депутаттары, Кара-Суу Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Кара-Суу айылынын тургундары менен жолугуу өткөрүштү. Бул жолугушууда айылдын депутаттары Кара-Суу Айылдык Кеңешинин 2018-жылдагы иши тууралуу тургундарга айтып беришти. Жолугушууга депутаттар Молдобеков Элзар, Үсөнканов Бейшенбек, Алгожоев Роман катышышты. Депутаттар жана Айыл өкмөттүн кызматкерлери айылдагы депутаттардын жана айыл өкмөтүнүн жардамы менен жасалып өткөн иштер тууралуу айтышып, тургундар тарабынан берилген көптөгөн суроолорго өз жоопторун беришти. Айылдыктар азыркы иштеп жаткан депутаттардын иштеп жаткан кылган иштерин белгилеп, ыраазычылыгын билдиришип, айылдагы ондогон жылдан бери чечилбей жаткан маселелерди чечип берүүнү суранышты.Тургундар тарабынан берилген эң негизги суроолор: Аукционду өз убактысында жарыялабайсыңарбы?, Жер курууга тилкелер качан берилет?, “Жылдыз” көчөсүнүн жолу качан оңдолот?, Көчөдө иттер көбөйдү, байлашпайт, ит аткычтар жокпу, ушул маселени кантип чечебиз? жана ошондой эле соцфондго налог төлөө боюнча суроолор берилди. Айылдын жаштары жер тилкеси тууралуу маселе качан чечилет ошол тууралуу суроо илгери эле берилгенин айтышып, нааразы болушту. Кара-Суу айылында тээ Советтер Союзу убагынан бери үйлөр салына элек деп айтсак деле болот. Совхоз тарабынан салынган “Жылдыз” көчөсү деп аталган жыйырма үй, эки квартиралуу үйлөр, СССР тараганда салынып бүткөн. Андан бери жыйырма сегиз жыл өтүптүр. Айылда болгону төрт-беш жаңы үй кана салыныптыр.
Даярдаган:Чакчагаев Султаналы,01.02.2018-жыл