“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Ар бир тил-өз элине улуу

21 Февраль 2019 жыл 17:24
Көрүүлөрдүн саны: 432

21-февраль – Эл аралык эне тил күнү. Бул күнгө арналган иш чара Кара-Суу орто мектебинде болуп өттү. Кара-Суу мектебинин окуучулары жана мугалимдери кыргыз жана англис тилинде ырларды, интермедия, жомокторду даярдап, кызыктуу иш-чара өткөрүштү. Мектептин кыргыз тилинен сабак берген мугалими Алиева Нургүл: “Бул күн мектебибизде жыл сайын белгиленип турат, мугалимдер окуучулар менен атайын даярданышып, бул күн тууралуу маалымат беришип, ар бир улут өз эне тилин сактоого тийиш экендиги тууралуу айтып, эне тилди өнүктүрүү тууралуу атайын сабактар өтүлүп, майрамдалат”. “Быйыл биз атайын “Эл аралык эне тил” күнүнө арнап, окуучуларым менен англис тилинде оюндарды, ырларды жана жомок даярдадык. Бул майрамга 11-5-9-класстын окуучулары активдүү каташышты”,-дейт мектептин аглис тилчиси Доронбаева Калыгүл. “Эл аралык эне тил” күнүн өткөрүү менен мектептин администрациясы, мугалимдер дагы бир жолу окуучуларга “ар бир тил — өз элине улуу” экендиги тууралуу айтышып, “эне тилиңди сакта, өз тилиңде сүйлө, оку, өркүндөт, өстүр”,-деп дагы бир жолу айтып, эстетип кетишти.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 21.02.2019-жыл