“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Келгиле, окуйлу

27 Февраль 2019 жыл 12:50
Көрүүлөрдүн саны: 237

Мекенибизде “Келгиле, окуйбуз!” долбоорунун жыйынтыгы жүрүп жаткан учур. Бүгүн Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде да бул долбоордун жыйынтыгы болуп өттү. Мугалимдер, окуучулар, окуучулардын ата-энелери “Жомокторго саякат” аттуу темада жыйынтык сабагын өткөрүштү. Сабакты 4-класстын класс жетекчиси, башталгыч класстын мугалими Акешова Гүлнара, Абдрасулова Айниза алып барышты. “”Келгиле, окуйлу!” долбоорунун ишине биздин мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери катышышты. Мугалимдер долбоордун өткөргөн бардык иш-чараларына катышышты. Республикабыздагы билим жаатында кандай реформалар жүрүп жатканды жана аны кантип ишке ашыруу керектиги тууралуу райондук мугалимдердин диспуттарында өз ойлорун билдиришти. Бүгүнкү жыйынтык сабакты ата-энелер менен бирге даярдадык. 1-2-3-4-класстын ата-энелери колдон келген жардамдарын аяшкан жок. Кийизден “Көмөч”, “Кумурска менен ийнелик”, “Жыл мезгили” “Жомок артынан жомок” аттуу китептерди даярдадык”,-деди Акешова Гүлнара. Мектептин башталгыч класстарынын ата-энелери менен даярдашкан жыйынтык сабагы кызыктуу өтүп, келген коноктор мугалимдерге, ата-энелерге өз ыраазычылыктарын билдиришти. Бул сабакты даярдоого 3-4-класстын окуучуларынын ата-энелери: Күздөбаева Асем, Конусбекова Гүлнур активдүү катышышып, бул иш-чаранын өтүшүнө өз салымдарын кошуп, балдарды окутуу жана тарбиялоодо мугалимдер менен бирге иштесе далай ийгиликтерге жетсе боло тургандыгын далилдешти.
Даярдаган: Бексултанова Айгерим, Данияр кызы Назик, 27.02.2019-жыл