“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылыбыздын кызы

7 Март 2019 жыл 21:27
Көрүүлөрдүн саны: 115

Эртең 8-Март майрамы. Бул майрамга карата мекенибизде аялдарга арналган ар кандай иш-чаралар өтүп жатат. Бүгүн биз сиздерге айылыбыздын активдүү тургундарынын бири Алиева Нургүл тууралуу айтып берели. “Алиева Нургүл көп жылдардан бери мектепте мугалим болуп иштеп келе жатат. Нургүл Кара-Суу айылында төрөлгөн, мектепти дагы айылыбыздан бүтүргөн. Бул киши математикадан мугалим жетишпегендиктен адегенде математикадан сабак берип жүрдү, анан завуч болуп иштеп, жогорку окуу жайын заочно аяктап кыргыз тилчи мугалими деген квалификациясын алды. Андан кийин мектептин директорунун кызматында эки жылдай иштеди. Азыр Алиева Нургүл 2-класстын жетекчиси жана жогорку класстарга кыргыз тилинен сабак берип кызмат кылып жүрөт”,-дейт мектепте көп жылдан бери эмгектенген мугалим Жумалиева Гүлмира. “Мен Кара-Сууда төрөлгөм, Кара-Суу орто мектебин аяктагам, ушул айылдын эле келинимин. Жолдошум айыл башчысы, бир кызым, балам бар, эки неберелүү болдум. Мектепте эмгектенип келе жатам. Мугалимдик кесип буйруп коюптур, айылдын балдарын окутуп, тарбиялап келе жатам. Азыр мектепте реформа жүрүп жаткан убак 3 жылдан бери, негизинен башталгыч класстын мугалимдери, ар кандай семинар, тренингдерге катышып келе жатышат. Бул семинар, тренингдерде мугалимдерди билим берүүдөгү жаңы методикаларга үйрөтүү жүрүп жатат. Башталгыч класстын мугалимдери Билим берүүдөгү реформалар менен таанышып, аны кандай жүргузүү тууралуу райондук семинарларга катышышып, өз ойлорун айтышып, жүрүп жаткан реформаны илгерилетүүгө өз салымдарын кошууда. Мектепте директор болуп да иштеп калдым. Ден соолугума байланыштуу бул кызматты өткөрүп берүүгө туура келди. Анткени айылдык директордун кызматы оңой эмес. Алдыбызда 8-Март майрамы келе жатат, мына ушул майрам менен республикабыздын мугалимдерин куттуктайм. Сиздерге ден соолук жана ийгиликтерди каалайм”,- дейт Алиева Нургүл. Айыл жергесинде жашап жаткан аялдардын турмушу оңой эмес. Аялдарыбыз эркектер менен тең тайлашып, кайсы тармакта болбосун иштеп жаткан учур. Айылыбыздын аялдарын, кыз-келиндерин 8-Март майрамы менен куттуктайбыз.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 07.03.2019-жыл