“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мамлекеттик аттестациядагы өзгөрүүлөр

2 Май 2019 жыл 14:15
Көрүүлөрдүн саны: 39

Жаңы окуу жылы аяктап жатат. Алдыда мамлекеттик аттестация. Быйыл мамлекеттик аттестацияда өзгөрүүлөр болду. Мына ушул өзгөрүүлөр тууралуу Кара-Суу орто мектебинин директору жана мугалимдери менен болгон маек. “Быйыл билим берүү системасында реформалардын жүрүүсү менен мамлекеттик аттестациянын тапшырмалары да кээ бир сабактардан өзгөрдү. Мисалга алсак, 9-класстарда математикадан жана орус тилинен-комплекстүү тест. 11-класста-орус тилинен комплекстүү тест. Ал эми кыргыз тилинен болсо атайын келген прозалык,поэзиялык, публицистикалык тексттин негизинде окуучулар эссе жазышат”,-дейт мектептин директору Насыранбекова Маруфат. “Сынак материалдары Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын борбору жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясы менен макулдашуунун негизинде министрлик тарабынан берилет. Мектеп предметтик комиссиясы белгиленген тартипте окуучулардын сынак иштерин өткөрүүнү жана баалоону жүргүзөт. Сынак үчүн баа комплекстүү коюлат: Мисалы: 9-класста “5” деген баа – 59-70 балл алгандарга, “4” деген баа – 49-58 балл алгандарга, “3” деген баа 35-48 балл алгандарга, ал эми “2” деген баа 0-34 балл алгандарга коюлат. Жаңы келген материалдар менен мугалимдер жана окуучулар таанышышып, аттестацияга даярдык көрө башташты. Мугалимдер балдар менен консультацияларды өткөрүп, министрликтн келген инструкциялар менен тааныштырышып, окуучуларды мамлекеттик аттестацияга даярдай башташты,”-дейт мектептин окуу иштери боюнча тарбиячысы Азаркулова Калбүбү.
Даярдаган: Данияр кызы Назик, 02.05.2019-жыл