“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Күрөш секциясы ачылды

6 Май 2019 жыл 9:20
Көрүүлөрдүн саны: 78

Айылыбыздын жаштары эски кинозалды спорткомплекс кылып алышты. Тегерегине балаты көчөттөрүн отургузушуп, курчап коюшту. Баягы кинозалдын орду айылдын бир көркүн чыгарган имаратка айланып, жаштарды өзүнө тарта баштады.Тренер
Айылыбыздын жаштарынын демилгеси менен жакынкы Степное айылынын тургуну менен сүйлөшүшүп,күрөш боюнча машыктыруучуну да таап, азыр балдар машыгып жатышат. “Тренер агайыбыз келгенден бери биз күрөшкө катыша баштадык,-дешет айылдын балдары Арсен менен Байел,-жакшы экен, жумасына 3 жолу машыгабыз.” “Машыктыруучу баланын аты Ибрагим, ал Степное айылынан. Биздин айылга келип күрөш секциясын ачып, балдарды машыктыра баштады. Жакында ушул спорткомплексибиздин ачуу аземин өткөрүп, айылда бир күрөш боюнча турнир өткөрсөк деп камынып жатабыз”,-дейт ушул спорткомплекстин негиздөөчүлөрүнүн бири Адилет Какешов.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, Данияр кызы Элиза, 06.05.2018-жыл