“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Ветеринардык врач

6 Май 2019 жыл 11:18
Көрүүлөрдүн саны: 72

Айылыбызда мал көбөйдү. Ошого жараша айылбыздын ветеринардык врачтарынын иши да көбөйдү. Кара-Суу айыл аймагынын ветврачы Качыбаев Өмүрбек көп жылдан бери ветврач болуп эмгектенип келе жатат. “Айылдагы ветврачтын эң негизги жумуштарынын бири – бул өз убактысында малга ар кандай ооруларга каршы дарыларды берип, кан алып, бруцеллёз барбы жокпу ошону текшерип туруу. Малыбызда оорулар аз болсо-элдин да ден соолугу чың болот. Азыр биз уйлардан кан алып, туберкулёз оорусу барбы жокпу оошону текшерип жатабыз. Азыркы убакта айылдык ветврачтарга мамлекет тарабынан бир топ жардамдар берилип жатат. Бизди компьютер жана ошондой эле мотоцикл менен камсыз кылды. Кара-Суу айыл аймагында малда оорулар жок, өз убагында дары дармекти берип турабыз. Өзүм көп жылдан бери ветврачмын. Жаштар келип жатат былтыр ветеринардык окууну аяктап келген жаш бала келди. Ал дагы иштеп жатат. Мал көбөйдү. Азырынча дарылаганга жетишип жатабыз”, — дейт Кара-Суу айыл аймагынын ветврачы Качыбаев Өмүрбек.
Даярдаган: Данияр кызы Элиза.06.05.2019-жыл