“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жеңиш күнү

7 Май 2019 жыл 11:35
Көрүүлөрдүн саны: 195

Кара-Суу айылынан улуу согушка 50 дөн ашык киши кеткен экен. Оол убакта айылыбызда 60 түтүн эл жашаган экен. Алардын 37 си согуш талаасынан келбей калышкан. Согуштун ардагерлерине арналып, согушка катышкандардын тизмеси чегилип, эстелик тургузулган. Согушка кеткен айылыбыздын биринчи мугалими Жакыпов Сыргак тууралуу Дүйшөнкулов Конусбек карыядан уксак. “Жакыпов Сыргак айылыбыздан чыккан билимдүү адам болгон. Ал киши Кара-Суу айылына биринчи мектеп ачкан, балдарды окуткан. Жалаң эле Кара-Сууга эмес Малтабар, Ак-Башат айылдарына да мектеп ачтырып, ал айылдарда биринчи мугалим болгон. Жакыпов Сыргак окуучулары Молдраимов Айтаалыны жана Абдыкеримов Мүсүраалыны мугалимдик окууга жиберип, мугалимдик кесипке ээ кылган. Алар окууларын аяктап, Өзгөндө иштеп жатканда согуш башталат. Өз каалоолору менен согушка кетишип, алар да кайтпай калышкан. Ошентип, мугалими менен эки окуучусу согуш талаасында курман болушту”,-дейт Конусбек карыя. Айылыбызда согуштан кайтып келген ардагерлер калбай калды, бирок айылбыздын тургундары ардагерлерди дайыма эстешип турушат, аларга арнап ар кандай иш-чараларды өкөрүшөт.
Даярдаган: Мамбетова Элина, 07.05.2019-жыл