14 Май 2019 жыл 13:13
Көрүүлөрдүн саны: 99
Кара-Суу айылындагы гендердик маселеге арналган аудиоматериал.
Gender 3
Дүйнө жүзүндө гендердик көйгөйгө көп көңүл бурулат. Биздин мамлекетте дагы гендердик көйгөйлөр көп. Айта кетсек ала качуу, аялдардын, өспүрүмдөрдүн укугун чектөө,инсандарга карата зордук-зомбулук жана башка толтура гендердик көйгөйлөр бар. Бул чыгарылышта биз сиздерге айылыбыздын келиндеринин жашоо турмушу менен тааныштырабыз. Маеке биз Жумалиева Гулмираны тарттык.

— Айылда качантан бери жашап жатасыз? Айыл турмушу сизге жагабы?
— Айыл жергесинде жашаганыма 29жыл болду. Айыл турмушу мага абдан жагат. Анткени көнүп калгандан кийин, айыл турмушуна көнүп жашап келебиз. Өзүм Ысык-Кол облусуна караштуу Жети-Өгуз районунда туулгам.
-Жолдошунуз туралуу кыскача айта кетсеңиз? Сизге жардам береби?
-Жолдошумдун аты Каба мал жандын баарын өзү карайт. Мен болсо үй-жумуштары жана өзүмдүн кесибим боюнча иштейм. Жолдошум жумушума тоскоолдук деле кылбайт. Тең укуктуу эле жашап келебиз. Кайра жолдошум мага жумушуна бар, жумушуна кечикпе деген сөздөрүн айтат.

— Айылдагы келиндер кантип эс алат?
— Келиндердин эс алуусу боюнча айтсам, негизинен келиндердин эс алуучу деле жайлары жок. Алар көбүнчө үй-турмушу менен алек болушат, балдарын багышат. Ал эми эркектер үчүн атайын спорт комплекстери бар, же болбосо футбол ойношот. Келиндер болсо бири-бирин чакырып, чай ичишип, маек курушуп эле эс алышат. Балдары менен атайын шаарларга барып эс албаса, айылдан көп деле эс алгандарын көрбөйм.

-Айылдагы эркектер аялдарын кемсинтпейби, урбайбы, кодулоо жокпу?
— Эркектердин аялдарын кемсинткенин, ургандарын деле көрбөйм. Аялдардына тура эмес мамиле кылышы мүмкүн, жок деп айталбайм.
Даярдаган: Данияр кызы Назик . Сынак үчүн.
Post Views: 99