“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Күрөш боюнча турнир

24 Май 2019 жыл 18:51
Көрүүлөрдүн саны: 39

24-майда Кара-Суу айылынын спорткомплексинде ачылуу аземине арналган күрөш боюнча турнир болуп өттү. Турнирге Жайыл районунун Эриктүү, Степное жана Кара-Суу айылдарынын жаш балбандары катышышты. “Күрөш боюнча мындай мелдеш Кара-Суу айылында биринчи жолу өтүп жатат. Мелдешти атайлап спорткомплекстин жана ФАП тын имаратынын ачылышына далдап уюштуруп жатабыз. Ачылуу аземине районубуздун акиминин орунбасары Тилекматов Максат жана Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жетекчиси Дженбаева Насипа келишти. Бул мелдешке кошуна жайгашкан Степное, Эриктүү жана Беш-Терек айылдарынан жаш балбандар келишти. Жеңгендер үчүн медалдарды Айыл өкмөтү алып берди. Биздин айыл үчүн бул чоң жаңылык, анткени мындай турнир айылыбызда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Каар-Суунун балдары дагы спорттун бул түрү боюнча ийгиликтерге жетет деп ойлойм”,-Какешов Адилет. Ошентип, райондун борборунан алыс жайгашкан айылдарда дагы күрөш боюнча секциялар ачыла баштады.
Даярдаган:Бексултанова Айгерим, Дүйшекеева Сезим. 24.05.2019-жыл