“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылдагы Айт-намаз

5 Июнь 2019 жыл 14:50
Көрүүлөрдүн саны: 82

Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургундары бүгүн Ай-намазга катышышты. Айылдын ортосунда жайгашкан мечитке Ыйык Орозо айынын аякташы менен Айт-намазы окулду. Айт-намазды айылдын имамы Алиев Жолдош окуду.
Мечитке чогулушкан тургундарга Мухаммед пайгамбарыбыздын хадистери айтылып,Айт-намазы окулду. Мечитке чогулушкан тургундар «айылдын көйгөйлөрүн чогуу, ынтымак менен чечип туралы» дешип, мечиттен тарап, Согушка катышкан ардагерлердин эстелигине барып, куран окушту да, айттаганы тарашты.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы.05.06.2019-жыл