“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Дан эгиндерин жыйноо

17 Июль 2019 жыл 21:54
Көрүүлөрдүн саны: 69

Мекенибизде арпа,буудай чаптыруу башталды. Жайыл районунун Кара-Суу айылында комбайндар жок болгондуктан, арпа, буудай али чабылып бүтө элек. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси жер боюнча адиси Жаныбек Кулючбековдун айтуусу боюнча: “Кара-Суу айыл аймагында эки жарым миң гектар дан эгиндери себилген. Алардын 2200гектары арпа. Ал эми 300 гектары буудай.Кара-Суу айылында арпа чаптырып алгандар: Чакчагаев Турсунбек,Ибраимов Замир жана дагы 3,4 тургун чаптырышты. Алардын айтуусу боюнча ар бир гектардан 2,5-3 тоннадан түшүм алышыптыр. “Түшүм жакшы болду”,- деп дыйкандар кубанып жатышат.
Даярдагандар: Мамбетова Элина, Мамбеталиева Нурпери, Акматова Айша. 17.07.2019-жыл.