“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

«Таза тери күнү» аттуу социалдык долбоор Кара-Балта шаарында

19 Сентябрь 2019 жыл 20:50
Көрүүлөрдүн саны: 97

18.09.2019-жылы “Таза тери күнү” деген социалдык долбоор Кара-Балта шаарындагы “Лавка жизни” деген аптекалардын биринде өттү. Бул иш чара SANTO компаниясы тарабынан уюштурулуп, “Лавка жизни” аптекалары менен бирдикте өткөрүлдү. Бул долбоор учурунда компаниянын дерматолог-врачтары катышуучуларды тери оорусунун белгилерин кантип алдын алуу жана аларды кантип дарылоо керектиги тууралуу акысыз консультация жүргүзүшүп, жана ошондой эле тери оорулары менен кайрылган пациенттерди кабыл алышты. “Тери – адамдын органдарынын ичинен эң негизгиси десек жаңылбайбыз. Анткени бул орган адамдын органдарынын ичинен жалгыз кана сырткы факторлор менен контактта болгон орган. Таза тери – адамдын ден соолугунун чың экендигин тастыктоочу “лакмус кагазы” десек болот. Азыркы убакта тери ооруларынын симптомдорун айыктыруучу бир топ, заманбап препараттар бар.
“SANTO – региондогу жогорку сапаттагы дарыларды ойлоп табуучу, чыгаруучу жана кардарларды жеткиликтүү дарылар менен камсыз кылуучу компания. “Таза тери күнү” аттуу социалдык долбоору боюнча дерматолог-врачтардан алынган консультациялар тери оорусу менен ооругандардын көйгөйлөрүн чечкенге чоң жардам берет жана SANTO нун портфелинен оорусуна пайдалуу нерсени табат”, — дейт Азис Турдиев – компаниянын экспорт жана өсүп-өнүгүү бизнеси боюнча директору. Компания 8 өлкөгө экспорт жүргүзөт – Россия, Украина, Беларуссия, Кыргызстан, Монголия, Өзбекстан, Тажикистан, Түркмөнистан — деп айтылат SANTO компаниясынын пресс-релизинде. Бул социалдык долбоорго Жайыл районунун айылдарынын жана Кара-Балта шаарынын тургундары катышышты. Тургундар компаниянын дерматолог – врачтарынан акысыз консультация алышты жана акысыз көрүнүштү.Долбоордун катышуучулары уюштуруучуларга жана кабыл алган дерматолог-врачтарга өз ыраазычылыктарын билдиришти. Ошентип, SANTO компаниясы жана “Лавка жизни” тарабынан уюштурулган “Таза тери күнү” аттуу социалдык долбоору Жайыл районунун Кара-Балта шаарында болуп өттү. Компаниянын врачтары жана аптеканын кызматкерлери шаардын жана райондун тургундарына, долбоордун негизинде, бир топ акысыз жардам көрсөтүштү.

Даярдаган: Данияр кызы Элиза, Бексултанова Айгерим