“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

АРИС менен кызматташуу

13 Ноябрь 2019 жыл 14:42
Көрүүлөрдүн саны: 99

Өлкөбүздүн ар бир Айыл өкмөтүндө АРИС менен иштөө дайыма жүрүп турат. 12.11.2019-жылы Жайыл районунун Кара-Суу айылында АРИС тин эксперти Кулубаев Болот менен жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушууга Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Дженбаева Насип, өкмөттүн кызматкерлери, айыл тургундары катышышты.
Эксперт Кулубаев Болот тургундардан айылда кандай көйгөй бар экендигин сурап, АРИС менен бирге кандай долбоорлорду ишке ашырса боло тургандыгы тууралуу айтып берди. Айыл тургундары менен бирге айылдагы приоритеттүү көйгөйлөрдү аныкташып, алардын кайсынысына долбоор жазып ишке ашырса боло тургандыгына добуш беришти.
Айылдыктардын эң негизги көйгөйлөрү болуп:
1. Айылга бала бакча куруу
2. Сугат системасын ремонттон өткөрүү
3. Жолдорду оңдоо
4. Мончо куруу
5. Кудуктарды оңдоо
көйгөйлөрү дешип, чогулушка келгендер табышты.
Бул көйгөйлөрдүн үстүндө АРИС менен иш алып бара тургандыктарын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Дженбаева Насип чогулушка билдирди.

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы