Корановирустан алдын алуу иштери республиканын бардык аймактарында жүрүп жатат. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында да бул илдеттин алдын алуу иштери жүрүп, Айыл өкмөттүн кызматкерлери 31- мартта айылдын көчөлөрүн дезинфекциялантышты.
Жана айылдын аярлуу, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрүнө 16 мүшөк ун алып келип беришти. Бул жардам Райым Матраимовдун атынан келгенин Айыл өкмөтүнүн кызмакерлери айтышты.
Айылда айыл-чарба техникалары эле жазгы жумуштар менен алек болуп иштеп жатат, ары-бери жүргөндөр дээрлик азайды. Айылдан шаарга барып иштегендер эле көйгөй болуп жатат.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы