“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Аялдар жашылча өстүрүүнүн технологиясын үйрөнүүдө

9 Июнь 2020 жыл 18:12
Көрүүлөрдүн саны: 100

 Жайыл районундагы Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу жана Ставрополовка айылынын тургундарына тамактануунун сапатын жакшыртуу боюнча жардам берилип жатат.

«Айыл тургундарына тамактануунун сапатын жакшыртуу боюнча БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) тарабынан жардам көрсөтүлүп жатат. Биздин айылдан 30 аялга, ар бирине, 5 сотука чегерип, помидордун, калемпирдин, пияздын, капустанын жана сабиздин уругу,

Агроном Эшперов Жолдошбек помидорду бадыраңды кантип азыктандыруу керектигин түшүндүрүүдө

ал эми 30 эркеке 50 сотука чегерип, ар бирине 100 килограммдан арпанын «Гекта» деген 1- репродукциядагы үрөнү берилген. Алардын баары себилген, өсүп жатат. Азыр окуулар башталды. Ооруга байланыштуу токтоп турган. Аялдарды жашылча-жемиштерди өстүрүүгө уйрөтүп жатышат. Окууну Кара-Балтадан келген агроном-Эшперов Жолдошбек өткөрүп жатат.

 Агроном «пасынкилерди» алууну көрсөтүүдө

Бүгүн келип сабак өтту. Бүгүнкү күндүн темасы: «Кандай жер семирткичтер менен кайсы маалда жашылча-жемиштерди азыктандырыш керек». Сабак бүткөн соң тест тапшырдык, кызыктуу, пайдалуу сабак болду. Мына ошентип, айылдын келиндери жашылча-жемиштерди өстүрүүнү, кантип мол түшүмдү алса боло тургандыгын, жана ошондой эле экологиялык жактан таза жашылча-жемиштерди өстүрүүнү окуп үйрөнүп жатабыз», — дейт Дүйшөкеева  Назира-аялдар тобунун жетекчиси.

Сабактын катышуучулары агроном менен

БУУнун жардамы менен айыл тургундары жашылча-жемиштерди өстүрүүнүн ар кандай технологиясын үйрөнүшүп, экологиялык жактан таза жана мол түшүм алууга чоң аракеттерди жумшап жатышат.

Ак-Талаа районунда дыйканчылыкты колдоо максатында муктаждарга жер-жемиштердин уругу акысыз таратылган.

Султаналы Чакчагаев