“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Беденин уругун алуу аяктап жатат

21 Сентябрь 2020 жыл 11:22
Көрүүлөрдүн саны: 75

Дыйкандар  кургатылган беде уругун машинага жүктөшүүдө

Чүй облусунун Жайыл районунун дыйкандары беденин уругун алууну аяктап жатышат. Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында да тургундар бул ишти аяктоодо.

Бул айылдын беде уругу республика боюнча сапаттуу деп табылган, мекенибиздин бардык региондоруна жана чет өлкөлөргө чейин экспорттолот.

Машинага жүктөп, урук тазалоочу жайга, (петкуска тазалоого) алып кетишүүдө

Азыркы убакта айылдын тургундары беденин уругун алуу өнөктүгүн аяктоодо. Дыйкандардын бир тобу,90% ти, түшүмүн жыйнап алышты. Уруктун баасы быйыл, башталганда эле 160-180 сом болууда.

Сүрөт: Акталаада дан эгиндерин оруп-жыюу иштери жүрүүдө
Султаналы Чакчагаев