“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылда жүгөрүнүн түшүмү алынып бүттү

3 Октябрь 2020 жыл 10:03
Көрүүлөрдүн саны: 88

Мекенибиздин ар кайсы региондорунда түшүм жыйноо кызуу жүрүп жаткан маал. Жайыл районунун Кара-Суу айылында беде уруктун түшүмү жыйналып бүтүп, экинчи сентябрь күнү дыйкандар жүгөрүнүн түшүмүн жыйнап алышты.

Айылда 50 гектардай жүгөрү себилген эле. Тургундар былтыркыдай эле кубаттуу комбайндарды жалдашып, жүгөрүнүн түшүмүн тез эле жыйнап алышты.

Комбайн Чынгыз Курманалиев жүгөрү аянтында

Айылдын дыйкандарынын айтуусу боюнча быйыл жүгөрүнүн түшүмү ар кимдики ар кандай болду. Кээ бирлери, гектарынан 20 тоннадан алса (чыгарылган), кээлери 10-15 тоннадан алышты.

 

Ибраимов Төлөнбектин түшүмү үйүнүн жанында

Ошентип айылдын тургундары түшүм жыйноо маалын актап жаткан убагы. Айылдын башчысы Алиев Төрөбектин айтуусу боюнча «быйыл тургундар арпадан, бедеден (түк), беде уруктан жана

 

Жүгөрү айылдын кырманында кургатылууда

жүгөрүдөн мол түшүм алышты, кызылча айылда эгилген жок, себеби аны иштетүү үчүн техника өтө эле аз, көп эмгек жана каражат талап кылынат экен»,- дейт.

Айылда беденин уругун алуу да аяктап жатат 

Султаналы Чакчагаев