Чүй облусунун, Жайыл районунун кээ бир айылдык мектептери 1-декабрдан баштап салттуу түрдө окуй баштады.Алардын ичинде райондун Кара-Суу орто мектеби дагы бар.
Райондун администрациясынын чечими менен Кара-Суу орто мектеби ачылды.
1-декабрдан баштап, эрежени сактап, окуучулар окутулууда.
Айылдын тургундары, мугалимдери мектептин ачылышына абдан ыраазы. Өзгөчө ата-энелер ыраазычылыктарын билдирүүдө. Мектепте эрежени сактап, окуучуларды көзөмөлдөп карап жатышат.
Эртең менен саат 8:20да мугалимдер, жогорку класстын окуучулары, балдардын температураларын текшерип, сабака кийрип жатышат.
Ата-энелер балдарын маска жана антисептик менен камсыздашты. Ал эми ооруган балдар мектепке келбестен, ата-эненин көзөмүлүндө болууда. Кээ бир окуучу балдар масканы туура тагынышбай, эрежени бузгандар дагы бар.
Эрежелерди сактасак, катуу тартипти кармасак, биз бул ооруну жеңебиз деген ишеничтебиз. Балдардын билим алуусу Кыргызстандын келечегинин ачкычы.
Данияр кызы Назик