“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылында гриппке чалдыккандар бар

9 Декабрь 2020 жыл 14:32
Көрүүлөрдүн саны: 78

Жайыл районуна караштуу, Кара-Суу айыл аймагында гриппке чалдыккандар бар.Адлардын арасында кичине балдар дагы ооруп жатышат. Бул тууралуу айылдын фельдшери, Венера Турсуналиева маалымат айтып берди.
ФАПтын фельдшери Венера Турсуналиева 24 жылдан бери Кара-Суу айылында иштеп келе жатат.

 

Айылдын фельдшери Венера Турсуналиева

«Азыркы убакта айылда пандемияга каршы ар кандай чаралар көрүлүп жатат. Негизи Covid-19 оорусу гриппке окшошуп кетет экен. Мына ушунун баарын тургундарга түшүндүрүп жатам. Биринчи адам жөтөлүп, температусы көтөрүлүп шалдырап баштайт. Оорунун алдын алып, көзөмөлгө салып турабыз. Эгер адам жөтөлсө, тез арада ооруканага баруусу абзел экенин айтып ооруканага жиберем. Азыркы убакта Кара-Суу айылында Covid-19 эмес, грипп менен ооруп жаткандар көп. Көбүнчө ымыркай балдар ооруп жатышат. Ал эми чоң адамдардан 5-6 киши грипп менен оорушууда.

Мен айылдын фелдьшери болгондуктан өзүм көзөмөлгө алып жатам. Атайын дарыларды жазып берип, укол жасап, тамчылатып дарылап жатамын. Эгер инсан ооруга чалдыкса, дарыгер берген кана рецепти пайдаланыш керек. Ошондой эле, мектепке окуучулар окуп баштады. Мен суранат элем, балдар грипп менен ооруса, мектепке келбей эле койгону жакшы. Үйдөн ата-эненин карамагында болуусу шарт. Ооруган окуучу мага келиш керек. Мен аларды карап, дарыларды жазып көзөмөлгө алам. Ар бир инсан, өзүн көзөмөлгө алып жүрсө, баары жакшы болот»,-дейт айылдын фельдшери.

 

Директордун орун басары Күздөбаева Асем

Кара-Суу орто мектебинде, окуу боюнча мектеп директорунун орун басары Асем Күздөбаеванын айтуусу боюнча, мектепке күнүгө 105 окуучудан 95-100 балага чейин келип жатышат.

Эртең мененки текшерүү

Окуучулардын дене табы текшерилип, ар бир окуучуда маска жана антисептиктер бар.

 

Данияр кызы Назик