“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

№7336 шайлоо тилкесинде добуш берүү аяктады

10 Январь 2021 жыл 23:21
Көрүүлөрдүн саны: 90

Кыргыз Республикасынын 10-январга белгиленген мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо жана Парламент боюнча Референдум аяктады.

Жайыл районунун Кара-Суу айылында, Кара-Суу орто мектебинде жайгашкан №7336 шайлоо тилкесинде Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана Референдум боюнча добуш берүү саат 20-00 аяктады.

 

№7336 шайлоо тилкеси иш учурунда

 

 

Коопсуздукту камсыздоо

Шайлоого катышышкан 250 шайлоочунун көпчүлүгү Садыр Жапаровго добуш беришкен. Ал эми Референдум боюнча-Президенттик башкаруу керек деп, добуш беришкен.

Шайлоо Кара-Суу айылында чыр-чатаксыз өттү. Катталган 450 добуш берүүчүлөрдүн 250 сү шайлоого катышышты. Төмөндө № 7336 шайлоо тилкесинин  КР Президенттин шайлоо жана Парламенттик же Президенттик башкаруу референдуму боюнча натыйжасы:

Плебициттин натыйжасы

КР Президентин шайлоо натыйжасы

Ошентип, Жайыл районунун Кара-Суу айылында жайгашкан №7336 тилкесинде добуш берүү аяктады.

 

Чакчагаев Султаналы