“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу: Бала бакча иштей баштады

2 Февраль 2021 жыл 16:21
Көрүүлөрдүн саны: 129

Пандемияга байланыштуу жабылган бала бакчалар, мектептер, жогорку окуу жайлары өз тартибинде акырындап ишке кирише башташты. Жайыл районунун Кара-Суу айылдагы «Ботокөз булак» аттуу бала бакчасы да балдарды кабыл ала баштады.Райондук санэпидемстанциянын, Райондук билим берүү бөлүмүнүн уруксаты менен айылдын бала бакчасы биринчи февралдан баштап ишке киришти.

Бакчанын тарбиячысы Капсаламова Светлана

«Бакчабыз 2020-жылдын 19-мартынан бери, пандемиянын кесепетинен, балдарды кабыл алган жокбуз. Ал эми бакчанын кызматкерлери кадимкидей эле иштеп жаттык. Райондо өткөрүлгөн окууларга, уюштурулган семинарларга катышып, бакчаны дезинфекциялап, бизге жиберилген бардык буйруктарды, көрсөтмөлөрдү толук аткарып жаттык.

Медайым иш үстүндө

Районо тарабынан биздин айлык акыбыз толугу менен берилип турду. 01.02.2021-жылы бакча өз тартибинде иштей баштады. Айыл өкмөтүнүн жана ата-энелердин катышуусу менен чогулуш өткөрүп, балдар кандай тамактанат,

Биринчи тамак

Экинчи тамак

ал үчүн канча акча бөлүнө турганын чечип, биринчи февралдан баштап балдарды кабыл ала баштадык. Бакчада дезинфекторлор жетиштүү. Бүгүн бакчага он беш бала бала келди. Бардыгы медайым тарабынан текшерилди», — дейт «Ботокөз булак» бакчасынын тарбиячысы Светлана Капсаламова.

Бакчанын балдары

Кара-Суу айылынын мектеби 3-чейректен баштап балдарды оффлайн түрүндө окута башташса, айылдын бакчасы 01.02.2021-жылдан баштап балдарды кабыл ала башташты. Бакчанын штаты толук, ичи таза, жылуу. Даараткана жана башка жерлеринин баары иштеп жатат.

 

Султаналы Чакчагаев