“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кыш тууралуу карыялардын айткандары

12 Февраль 2021 жыл 22:03
Көрүүлөрдүн саны: 317

Жылдын ар бир мезгили бири- биринен айырмаланып турат. Кыргыздын акылман карыялары ар бир мезгил тууралуу айткан накыл сөздөрү элдин арасында тараган. Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургуну, аксакал Карыпбек Серенов быйыл кыштын өтүшү тууралуу илгерки аба ырайына салыштырды.

Солдон оңго экинчи-Серенов Кырыпбек аксакал

“Илгери кыш тууралуу карыяларыбыз айтчы эле “Токсон күн кыш созулат, токсон күндүн ичинде чилде кырк күн болот, сумбала жети күн болот, андан кийин чилденин достору кырк болот, достору кырк болсо, андан кийин үч күн чилде коштошот дейт, ошо менен токсон күн. Токсон 18-декабрда түшөт да, 18-мартта кыш бүтөт. Бирок кыш кандай болчу эле, илгерки аксакалдарыбыз айтып койчу: “Сумбала түшпөй суук болбойт”,- деп. Сумбала 18 де түштү, жакшы түштү, суук болду.

Кара-Суу айылы. Декабрь айы.

Бирок сумбала жакшы түшкөнү менен кийинки чилденин ичи ысык болуп калды. Чилденин ичи ысык болуп калганда, аксакалдарыбыз айтчы эле: “ Бу, кышты кудай ураарда күн жылуулап жаз болот”,-деп. Чилде чилдеси менен кетиш керек болчу. Чилдени карыялар мындай кылып бөлүшчү.

1-абаба чилде, андан жети күн “мүйүз аяз” деп коет, андан кийин жети күн “кийиз аяз”, андан кийин “темир аяз” жети күн. Темир аяз келгенде өзгөчө катуу суук болот “темир аяз болгондо темир кетет чыңалып, катуу аяз болгондо темир кетет буралып”,-деп коюшчу эле карыялар.

Андан кийин “каңтар” келет. Ал 18 күн созулат. Ошол 18 күндун 9 күнү абдан каңтарылат, 9 күнү жумшак болот да 4-февралда чилде чыгат. Быйылкы аяздар мурункудай болбой калды, аяздын ордуна шумдуктуудай болуп, адам күтпөгөндөй болуп” жамгыр жааганы бир өзгөчө болду.

Чатырдагы көгүчкөндөр.

Быйыл кыш өзгөчө болду. Илгеркилер кичине эле жамгыр жааса “Кыш бала салды”,-деп койчу эле. “Бала салганы” эки эсе болуп, кыш ушундай болду.

Аксакалдарыбыз айтып койчу “Чилденин киргенинен жана чыкканынан корк”,-деп. Чилде чыгарда катуу чыгыш керек болчу. Чилденин биринчи досу “кырдач”. Кырдач келет кыйкырып, кырдач келет сурданып, түрүн бузуп бурданып. Бурданып келет экен, кырданып келет экен, түрүн бузуп келет экен. Досум кырдач камчылан, жаным кырдач камчылан. Бул “Малы семиз калды, козулары эгиз калды”,-деп айтып турган “кырдач” быйыл келген жок.

Февраль айы

Кырдачтын убактысы бүтүп калды. Кырдач бүткөндөн кийин “адынын алты уулу, жединин жети уулу” келет. Алты, жети, он үчү чилденин кайрат бел күчү деп коет. Чилде өзү бүтсө да, достору чыга элек. Адынын алты уулу, жединин жети уулунан кийин, апкыт-сапкыт алты күн дейт, “Апкыт-сапкыт алты күн ала шалбырт жаз болот, буту колуң ачылып, оору сага кас болот”,-дейт.

Мына ошондо, айланайындарым, этият болгула. Күн жылып калат да, көпчүлүк жеңил кийинип алат. Суук тиет, өпкө оорулары ошондо башталат”,-дейт аксакал.

Карыпбек аксакал Кара-Суу айылында туулуп өскөн. Айылдын окуучуларын, жаштарын жана тургундарын илгерки ата-бабаларыбыздан калган таалим-тарбия берүүчү айткан сөздөрүн, чыгармаларын таратуунун үстүндө көп эмгектенет.

 

 Султаналы Чакчагаев