“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө

18 Май 2021 жыл 15:24
Көрүүлөрдүн саны: 288

Мекенибизде жазгы талаа иштеринин күчөп турган мезгили. Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында дагы жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат.

Беде эгилген талаа

Быйыл айылдын тургундары талаага негизинен беде, арпа, жүгөрү жана кээ бирөлөрү кызылча себишти. Бирок кызылча себилген аянт өтө эле аз. Дыйкандардын айтуусу боюнча быйыл кургакчылык, түнкүсүн күн суук болуп, беденин, арпанын өсүшү начарыраак.

Жүгөрү талаасы

Быйыл айылда жүгөрү сепкендер көп болуп жатат. Азыркы учурда алар жүгөрүгө дары себишип (отоо чөпкө каршы)

Жүгөрүгө культивация жүргүзүү

культивация ж.б. техникалык иштерди жүргүзүп жаткан кези. Көпчүлүк дыйкандар беделерин, арпаларын сугарып жаткен учур. Суу жетиштүү.

Беде талаасын сугаруу

Жакында дыйкандар беделерин чабышып, кышка даярдыгын башташат. Ошондуктан тракторлор, комбайндар ж.б.чөп чапканда пайдалануучу техникалык каражаттар оңдолууда. Ошентип, айылдын дыйкандары биринчи түшүмдү алууга даяр.

 

Элина Мамбетова