“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жыйынтыктоочу конференциясы

4 Декабрь 2021 жыл 21:37
Көрүүлөрдүн саны: 359

4-декабрда Бишкек шаарында Кыогызстандын Жамааттык ЖМК лар Бирлигинин конференциясы башталды. Бул иш чарага мекенибиздин бардык аймактарынан Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жетекчилери келишти.

Өлкөдө улам убакыт өткөн сайын, элетте, жамааттык мультимедиа борборлор ачылып, элеттиктердин көйгөйлөрүн жана жетишкендиктерин чагылдырып жатышат. Конференцияда ар бир жамааттык медианын жетекчиси өзү жетектеген медиаборбору тууралуу презентацияларды жасашты.

Медиаборбордун жетекчилери презентацияга даярдануу учуру

Презентацияларда жетекчилер өз көйгөйлөрү жана жетишкендиктери менен тааныштырып, «Жамааттык медиалардын ишин дагы кантип жогорулатсак, жакшыртсак» деген темада өзүнүн ойлорун айтышып, коллегалары менен бөлүшүп жатышты. Эң эле ойлондурган тема -«Ыктыярчылар менен кантип иштеш керек» деген тема болду.

Презентация…

Жетекчилер  группаларга бөлүнүп алып, өз сунуштарын ортого салышып, презентацияларды коргоп, өз ойлорун сунушташты жана Жамааттык медиалардын бүтүрүүчүлөрүнүн  өзүлөрү иштеп кеткен медиаборбор жана Ассоциация менен болгон байланыштары тууралуу айтылды.

Айзада Калканбекова

Бул байланышты үзбөй өнүктүрүү керектиги тууралуу Ассоциациянын жетекчилери Назира Жусупова жана Айзада Калканбекова айтып кетишти. Бүтүрүүчүлөр Айгерим Кубатбекова, Дилде Шатанова, өзүлөрү катышып, ишке ашырган долбоорлору тууралуу айтып, кызыктуу презентацияларды жасап беришти. Биринчи күндүн аягында ар бир облустун кураторлорунун отчету угулуп, кураторлорду кайра шайлоо жүрдү жана Жамааттык ЖМК лар Бирлигине жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу болуп өттү.

 

Султаналы Чакчагаев