“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Сүрөт баян: Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин конференциясы

5 Декабрь 2021 жыл 22:10
Көрүүлөрдүн саны: 282

Кыргызстандын Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин конференциясынын экинчи күнү «Парк Отель» мейманканасында уланды. Бул иш- чаранын башталышында катышуучуларды, Борбордук Азия жана Чыгыш Европа мамлекеттеринде координатор болуп иш алып барган, Deutche Welle Академиясынын кызматкери, Лидия Ранерт куттуктады.

«Парк Отель» мейманканасында

 

Deutche Welle Академиясынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча координатору Лидия Ранерттин кайрылуусу

 

«Медиасабаттуу бол» долбоору боюнча Алмаз Исманов презентациясын угуучуларга тартуулоодо

 

«Гендерлик теңчиликти Жамааттык ЖМКлар аркалуу жайылтуу» долбоору боюнча презентацияны Калканбекова Айзада тартуу кылып жаткан учуру

 

Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин Аткаруучу директору Назира Джусупованын «Жамааттык ЖМКларга көмөк көрсөтүү» долбоору боюнча презентациясы

 

Чуй облусунун Жал айылындагы «Достук» мультимедиаборборунун жетекчиси Султаналиева Динара

 

Жылдын жыйынтыгы боюнча 1-орунду жеңип алган Куланак медиа мультимедиаборборунун жетекчиси Айзат Түмөнбаеваны КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу сыйлоодо

 

Жылдын жыйынтыгы боюнча 2-орунга ээ болгон Усупбекстан мультимедиаборборун КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрдин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу сыйлоодо

 

Ооган-Талаа мультимедиаборборунун жетекчиси Гүлназ Камбарали кызын КР маданият,маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу сыйлады

 

Жылдык жыйынтык боюнча сыйлыкка ээ болушкан КР Жамааттык ЖМКларынын кызматкерлери

КР Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин конференциясы ушуну менен жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2022-жылдын иштерин пландаштырууга киришти.

 

Султаналы Чакчагаев