“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

“Ботокөз булак” бала бакчасы пандемия шартында

12 Декабрь 2021 жыл 19:22
Көрүүлөрдүн саны: 277

2021-жылы Жайыл районунун Кара-Суу айылында жайгашкан “Ботокөз булак” бала бакчасы Covid- 19 оорусу жүрүп жатса дагы, ал оорудан сактанып, балдарды тарбиялап, ишин улантууда.

Бакчанын жетекчиси Айша Бекматова бакчадагы иш тууралуу маек курду:

“Ботокөз булак” бала бакчасы Кара-Суу айылында 2014-жылдан бери иштеп келе жатат.

Бекматова Айша — «Ботокөз булак» бакчасынын жетекчиси

Ачылганда бир эле тайпа болчу , быйылкы 2021-жылы эки тайпа менен ачылдык, кичи тайпа жана орто тайпа болуп. Орто тайпабызда азыркы убакытта жыйырма эки бала, ал эми кенже тайпабызда он алты бала. Ошондо жалпы балдардын саны отуз сегиз болду.
— Covid-19 оорусу КРда башталганда бардык окуу жайлар онлайн окууга откөрүлгөн, 2021-жылы бала бакча качан ачылган?
Covid-19 оорусуна байланыштуу бала бакча жабылып калган. 2021-жылы февраль айынан бери иштеп келе жатабыз. Азыркы учурда бала бакча толук кандуу иштейт. Эртең мененки саат 8:00дон, кечки саат 17:00го чейин иштеп жатат. Эки тайпа болуп ачылгандан бери жумушчуларыбыз дагы көбөйгөн, сегиз кызматкер.

— Кээ бир жумуш күндөрүндө бала бакчанын жабылышына эмне себеп болуп жатат?
Кээ бир күндөрү бала бакча иштебей калып жатаканынын себеби суу жок болуп калат, электр энергиясы өчкөн үчүн иштебей калат. Бизге өчөрдүн алдында РЭСтен кабар келет «балдарды ушул күнү кабыл албагыла» деп.

— Сиздин бала бакчада иштеп жатканынызга канча жыл болду? Сиз үчүн бул жумуш оңойбу?

Мен Света Николаевна “Ботокөз булак” бала бакчасына иштегениме жети жыл болду. Мен өзүмдүн жумушумду жакшы көрөм, себеби мага балдар менен иштешкен аябай жагат.

 

Капсаламова Света-«Ботокөз булак» бакчасынын тарбиячысы

Ошондой эле азыркы менин тайпамдын аты “Нур” тайпасы. Бул группа орто тайпага кирет, менин группамда 4, 5 жаштагы балдар тарбияланат.

Ратха Жумагулова бала бакчада ашпозчу болуп 2014-жылдан бери эмгектенет. Башында 24 балага тамак даярдаганын жана азыркы учурда балдардын саны 38ге жеткенин айтты.

Кара-Суу айылынын фельдшери Венера Турсуналиева балдардын тазалык эрежелери тууралуу мындай деп жооп берди.

Тамактануунун алдындагы гигиеналык аракеттер

«Бакчанын ачылганына сегиз жыл болуп калды, сегиз жылдан бери бакчада иштеп, эки тайпаны тең келгенде температураларын ченейм, тамак ичээрдин алдында колдорун антисептиктейбиз. Иштеп турган кызматкерлердин да температураларын ченейбиз. Азыр Сovid- 19га каршы күн сайын ар кандай иш- чараларды өткөрөбүз.»

Кара-Суу айылынын тургундары, өзгөчө энелер бакчанын экинчи тайпа ачылышына кубанышты. Анткени бакчага барган балдардын саны барган сайын көбөйүп, энелерге, апаларга балдарын тарбиялаганга бир топ жеңилдик болуп жатат. Айыл тургундары Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргелешип, өзүнчө бала бакчанын долбоорун жазып, жаңы бала бакча куруп алуу максаттары бар.

Бексултанова Нурзат, Мамбетова Элина