“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мал багуу маданиятын өздөштүрүү зарыл

20 Декабрь 2021 жыл 22:00
Көрүүлөрдүн саны: 283

Кышкысын малды негизинен үйдө, атайын жайларда багуу керек. Барган сайын бул мал багуунун өзүнчө бир маданияты болуп калышы керек. Бирок көпчүлүк учурда малчылар, айылдын тургундары, өз малдарын жайытка чыгарышат.

Беде, жүгөрү себиле турган, айдоо аянтында, жайылган мал

Жайыт аз болгондуктан, тургундардын беде, арпа, жүгөрү жана башка өсүмдүктөр себиле турган жерлерине жайылышып, өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө чоң зыян келтирет. Ал эми жайыттарда чөп начар же такыр эле өспөй калышы мүмкүн. Азыркы убакта Кара-Суу айылында 400кө жакын уй, 600дөй кой, 100 ашык жылкы бар. Ушул малдын көпчүлүгү жайылат. Анткени азыр күн жылуу, кар жок.

Айдоо аянтында жайылган жылкылар

Кара-Суу айыл аймагынын тургундары дагы, кар жок болгондуктан, экономия кылып, чөп, жем кымбат болгондуктан, малын жаят. Азыр түк 400 сомдун тегереги, ал эми жем, беде, арпа, буудайдын баалары 20 сомдон жогору. Эмне үчүн чөп өтө кымбаттап кетти деген суроого дыйкандар жооп беришти:

“Чөптүн мынча кымбаттап кетиши биринчи себеп – бензин, солярка жана башка майлардын кымбатташы, экинчи себеп – жумушчу күчүнүн кымбатташы, үчүнчү себеп – айыл чарба техникасынын шаймандарынын кымбатташы”. Чөп жемдин кымбатташына мына ушул үч абал эң чоң себеп болду.

Үйдө багылып жаткан мал

Жыл өткөн сайын  малдын саны кескин көбөйүүдө. Бул бир жагынан сүйүндүрсө, экинчи жагынан көп түйшүктөрдү алып келе жатат. Ошондуктан, мал багуу маданиятын тезинен өздөштүрүшүү зарыл.

 

Айша Акматова, Нурпери Мамбеталиева