“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мектептин директору менен болгон маек

26 Декабрь 2021 жыл 17:31
Көрүүлөрдүн саны: 262

Бүт дүйнө жүзүндөгүдөй Кыргыз Республикасынын мектептеринде пандемияга каршы санитардык иш- чаралар жүрүп жатат. Мектептердин администрациясы тарабынан жүргүзүлгөн санитардык иш- чараларга таянып, балдар окутулуп келе жатат.

Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинин пандемия учурундагы иши тууралуу мектептин директору Калбүбү Азаркулова айтып берди.

Азаркулова Калбүбү Кара-Суу орто мектебинин директору

“Күтүүсүздөн дүйнө жүзүн covid- 19 оорусу каптап келип, көптөгөн өмүрлөрдү алып кетти.
Иштеп жаткан иш канаалар, мектептер, бала бакчалар, окуу жайлар 2020-жылдын 16-мартынан тартып, карантинге жабылды.
2021-жылы 1-сентябрдан баштап 1-класстын окуучулары кана мектепке офлайн түрүндө кабыл алынды. Билим жана илим министирлиги тарабынан ушул эле жылдын 26-ноябрынан баштап 1-11-клаасстардын окуучуларына офлайн окууга уруксат берилген.

Эртең мененки текшерүү

Окуу учурунда санитардык режим өтө бекем сакталуу керек.
Мугалимдер тарабынан ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окучууларды маска, антисептик менен камсыздоого чакырышкан. Ата-энелер балдарын өз макулдугу менен мектепке жөнөтүшкөн. Кээ бир ата-энелер болсо балдардын ден-соолугуна байланыштуу, онлайн түрүндө окутуп жатышты.

Колдонулган маскаларды таштоочу жай

Онлайн окутууда көп кыйынчылыктар болду. Себеби ата-энелер дагы, окуучулар дагы онлайн окууга даяр эмес болчу.
Быйылкы 2021-2022-жылы пандемияга байланыштуу окуу күнү 15-сентябрга жылдырылып, окучуулар 15-сентябрда окуп башташты. Офлайн окууда санитардык режимди сактап, балдарды окутуп, тарбиялап келе жатабыз”.

Колду дезинфекциялоо

Азыркы учурда мекенибиздин ар бир мектеби пандемияга каршы иш чараларды катуу сактап, балдарды окутуп келе жатат.

 

Нурзат Бексултанова, Элина Мамбетова