“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Омикрон штаммы Кыргызстанда

14 Январь 2022 жыл 17:39
Көрүүлөрдүн саны: 196

Кыргызстанда коронавирустун омикрон-штаммы аныкталып, табылганын жазып чыгышты. Бул тууралуу, 2022-жылы, 12-январда Саламаттыкты Сактоо Министирлиги билдирүү таратты. Коронавирустун омикрон штаммы SARS –CoV-2 (SARS-CoV-2 Omikron, SARS-CoV-2 B. 1.1. 529), биринчи жолу 2021-жылы ноябрда Ботсвана жана Түштүк-Африка Республикасында идентификацияланып, табылган.

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча “Оору дельта-штаммга караганда жеңил өтөт, бирок мамлекеттердин саламаттыкты сактоо системасына чоң түйшүк келтирет. Оорулуулар өтө көп болушу мүмкүн”. Азыркы убакта коронавирустун омикрон-штаммы 100 дөн ашуун өлкөдө идентификацияланып, табылган.

Россиянын Роспотребнадзорунун башчысы Анна Попованын билдирүүсү боюнча “Россияда 11-январга карата омикрон-штамм 305 оорулуудан табылган. Омикрон-штамм Бириккен Араб Эмираттарынан, Улуу Британиядан, Туркиядан ж.б. өлкөлөрдөн алынып келинген”. Бул штаммдын тароо ылдамдыгы да өтө жогору-дельтадан 70 эсе ылдамдыкта тарайт. Башчынын эскертүүсү боюнча “оору күчөсө, сутка сайын оорулуулардын саны өтө көбөйүшү мүмкүн”.

Жайыл районунун Кара-Суу айылынын ФАП ынын фельдшери Турсуналиева Венера

Омикрон штаммынан сактануу жолдору тууралуу Кара-Суу айылынын фельдшери Венера Турсуналиеванын сунушу:

Санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо.

1. Санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо.
2. Антисептиктерди такай колдонуу.
3. Маска кийүү режимин сактоо.
4. Эл көп чогулган жерлерден оолак болуу.
5. Эпидемиялык абал турукташмайынча чет жакка чыкбоо.
6. Вакцинация алуу.
7. Омикрон-штаммынан сактануунун дагы бир жолу — “коронавируска каршы вакцинанын күчөтүүчү дозасын алуу”,-дейт америкалык окумуштуу Энтони Фаучи.

Айта кетсек, Буткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы B.1.1.529 штаммынын аталышын грек алфавитинин 15-тамгасынын аталышы менен атап, “омикрон” деп коюшкан.
Омикрон штаммынан коргонуу иретинде көптөгөн мамлекеттер өз чек араларын убактылуу жабышып, аба каттамдарды токтотуп жатышат.
Кыргыз мамлекетинин министрлер кабинети дагы 29-ноябрда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен чукул кеңешме өткөргөн.
Омикрон-штаммы аныкталган жарандарга Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

 

Чакчагаев Султаналы