“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Күйүүчү майлардын кымбатташы тоскоолдуктарды алып келет

16 Январь 2022 жыл 22:31
Көрүүлөрдүн саны: 195

Кыргызстанда, бүт дүйнө жүзүндөгүдөй, газдын, күйүүчү майлардын баасы улам-улам жогорулап жатат. 2022-жылдын башында бензин жана күйүүчү майдын баалары дээрлик 2 эсеге кымбаттап кетти. Мындай абал мамлекеттердин экономикасына бир топ оорчулуктарды алып келерин массалык маалымат каражаттарында айтылып келе жатат.
Эмне үчүн газга, бензинге, күйүүчү майга болгон баалар барган сайын жогорулап жатат?

«Газпромнефть» баалар

Баарыбыз билгендей, барган сайын Жер планетасынын температурасы жогорулап, жер жүзүндө ар кандай катаклизмдер катталууда. Дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттер, чоң державалар Жер планетасынын температурасынын көтөрүлүшү тууралуу ар кандай жыйындарды, чогулуштарды өткөрүп келе жатышат. Бул жыйындарда Жер планетасынын ысышын токтотуу маселеси көп убакыттан бери каралып келе жатат. Окумуштуулардын айтымында бул көрүнүшкө жер жүзүндө көмүр кычкыл газынын өтө көп иштелип чыгышы чоң таасирин тийгизип жатат деп жатышат.

Bishkek Petroleum баалары

Ал эми дүйнө жүзүндө газга, нефтиге, күйүүчү-майлоочу майларга суроо талап эң жогорку дэңгээлге жетти. Газды, нефтини, күйүүчү майларды иштетүү-көмүр кычкыл газынын эң көп бөлүнүп чыгуусуна алып келет.
Мунай экспорттогон өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК), Россия мунайды экспорттоону бир топ кыскартышты.

Ишин токтоткон ишкана

Бул иш чара, албетте, бир топ ишканалардын иштешин токтотот. Мунайдан иштелип чыккан продукциялардын кымбаттоосуна алып келет. “Ал эми Кыргызстанда күйүүчү майлардын кымбатташы-кайра эле баанын өсүшүнө алып келет. Жол кире кымбаттайт, азык түлүк, калкты тейлөө кызматтар, курулуш материалдары да кымбаттайт.

Кара-Балтадагы газ куйуучу жай

Азыркы убакта, Кара-Балта шаарында, бензиндин баасы 59 сомдон 65,50 сомго чейин, солярканын баасы 57-59, автогаз пропан 36,5 сом, автогаз метандын 200 см.кубу 625 сом”, — дешет айдоочулар.
Алдыда жаз келе жатат. Чүйдө быйыл кар жок, жер кургак. Күйүүчү майлардын кымбатташы, келе жаткан кургакчылык, быйыл, дыйкандарга бир топ түйшүктөрдү жаратат деп карапайым калк чочулоодо.

Кара-Суу айылындагы башка жаңылыктар менен бул жерден таанышыңыз

Султаналы Чакчагаев