“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айыл аймагында 2021-жылы 4 долбоор ишке ашкан

17 Январь 2022 жыл 16:58
Көрүүлөрдүн саны: 209

Чүй облусунун Жайыл районунда Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү бийлигине, Кара-Суу айылдык кеңешине 11 депутат шайланып, эмгектенип келе жатышат. Ал эми Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жетекчиси болуп, көп жылдан бери, Ставропол айылынын тургуну Насипа Дженбаева иштөөдө.
Биздин медиаборбор жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта, 2013-жылдан бери, иштеп келе жатат. Борбордун ыктыярчылары өз репортаждарынды жергиликтүү бийликтин пландары, аткарылган иштери, долбоорлору тууралуу аймактын элин тааныштырып турат.

 

Айыл өкмөттүн имараты

Бүгүн, 2022-жылдын башында, Кара-Суу Айыл өкмөтүнүн аткарылган иштери менен тааныштырып, алдыга коюлган пландары тууралуу айыл өкмөттүн кызматкерлери менен жолугушуп, маек курдук.

 

Жайыл районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Дженбаева Насипа

“Былтыр, 2021-жылы, төрт долбоор өттү:

1. Ставропол мектебинин капиталдык ремонту АРИС менен. Бюджети — 16860000,

2. Кара-Суу орто мектебинин 1-этажынын полун ремонттоо, бюджети — 1900000 Чүй облусунун өнүгүү фонду менен,

3. Октябрьская көчөсүн асфальттоо – 700 м.,

4. Октябрьская көчөсүн асфальттоо – 1000 м., Ставропол жана Кара-Суу айылдарынын көчөлөрү толугу менен жарыктандырылды.

 

Бирдиктүү терезе. Кызмат көрсөтүү

Ал эми быйылкыга пландар: Кара-Суу жана Ставропол айылдарында балдар оюн аянтчаларын орнотуу, ирригация системаларын оңдоо, Кара-Суу орто мектебинин спортзалын жана чатырын капиталдык ремонттоо”, — деп айыл өкмөттүн башчысы аткарылган иштер жана алдыга коюлган пландар тууралуу маек курду.

 

Жоопту катчы Кемелова Атыркүл иш үстүндө

Ал эми айыл өкмөткө иш менен келген тургундар бирдиктүү терезе аркылуу тейленип жатканы тууралуу  жооптуу катчы Атыркүл Кемелова айтып, түшүндүрүп берди.

 

Султаналы Чакчагаев