“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жергиликтүү бийлик. 2022 — жылга пландар

19 Январь 2022 жыл 19:58
Көрүүлөрдүн саны: 294

Чүй облусунун Жайыл районунда Кара-Суу Айыл Аймагынын жергиликтүү бийлигине, Кара-Суу Айылдык Айылдык Кеңешине 11 депутат шайланып, эмгектенип келе жатышат. Ал эми Кара-Суу Айыл өкмөтүнүн жетекчиси болуп, көп жылдан бери, Ставропол айылынын тургуну Дженбаева Насипа иштөөдө.
Биздин медиаборбор жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта, 2013-жылдан бери, иштеп келе жатат. Борбордун ыктыярчылары өз репортаждарынды жергиликтүү бийликтин пландары, аткарылган иштери, долбоорлору тууралуу аймактын элин тааныштырып турат.

 

Айыл өкмөттүн фойесинде

Бүгүн, 2022-жылдын башында, сиздерди Кара-Суу Айыл өкмөтүнүн аткарылган иштери менен тааныштырып, алдыга коюлган пландары менен бөлүшүп коелу деп, Айыл өкмөттүн кызматкерлери менен жолугушуп, маек куруп келдик.

 

Жайыл районунун Кара-Суу Айыл өкмөтүнүн башчысы Дженбаева Насипа

“Былтыр, 2021-жылы, төрт долбоор өттү: 1. Ставропол мектебинин капиталдык ремонту АРИС менен. Бюджети — 16860000, 2. Кара-Суу орто мектебинин 1-этажынын полун ремонттоо, бюджети — 1900000 Чүй облусунун өнүгүү фонду менен, 3. Октябрьская көчөсүн асфальттоо – 700 м., 4. Октябрьская көчөсүн асфальттоо – 1000 м., Ставропол жана Кара-Суу айылдарынын көчөлөрү толугу менен жарыктандырылды.

 

Бирдиктүү терезе. Кызмат көрсөтүү

Ал эми быйылкыга пландар: Кара-Суу жана Ставропол айылдарында балдар оюн аянтчаларын орнотуу, ирригация системаларын оңдоо, Кара-Суу орто мектебинин спортзалын жана чатырын капиталдык ремонттоо”, — деп Айыл өкмөттүн башчысы аткарылган иштер жана алдыга коюлган пландар тууралуу маек куруп берди.

 

Жоопту катчы Кемелова Атыркүл иш үстүндө

Ал эми Айыл өкмөткө иш менен келишкен тургундар Бирдиктүү терезе аркылуу тейленип жатканы тууралуу Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Кемелова Атыркүл айтып, түшүндүрүп берди.

 

Чакчагаев Султаналы