“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылында эпидемиологиялык абал туруктуу

22 Январь 2022 жыл 11:12
Көрүүлөрдүн саны: 181

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Жайыл районунун кээ бир мектептери онлайн окуп жатышат. Кара-Суу айылында мезгилдик сасык тумоого карата абал туруктуу абалда сакталууда. Мектеп, бакча иштеп жатат.

Мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Абдрасулова Айнизанын айтуусу боюнча: “Окуу-тарбия иштери мектепте өз тартибинде жүрүп жатат.

Кара-Суу орто мектебинин мугалимдери

Сасык тумоо менен ооругандар бар – күнүгө 7, 8 окуучу сабактарга катышпай ооруп калып жатышат. Мектеп жылуу, даараткана, жуунучу жайлар иштейт.

 

Мектеп окуучусу жуунучу жайда

Мектепте коронавируска каршы иш-чаралар күн сайын жүрүп турат – окуучулардын дене табы эртең менен дайыма текшерилип турат, дезинфекцияланышат. Ал эми ооругандар болуп калса ФАП ка жөнөтүлөт”.

“Айыл боюнча абал туруктуу, ооругандар көп эмес. Айылдын 18-90 жашка чейинки тургундарынын 50% ы эмдөөдөн өтүшкөн,
вакцина алып, кайра ооругандардын саны 3,4 киши. Алардын оорусу жеңил түрдө өтүп кетип жатат. Коронавирустан эмдөөдөн өтүңүздөр, ошондо гана биз бул оорудан жеңил чыгып кете алабыз”, — дейт айылдын фельдшери Венера Турсуналиева.

Айылдын тургуну эмдөөдөн өтүп жатат

 

Султаналы Чакчагаев