“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Депутат: «Айылда көйгөйлөр көп»

29 Январь 2022 жыл 22:34
Көрүүлөрдүн саны: 247

Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинде 11 депутат бар. Алардын 7 депутаты Ставрополовка айылынан, 4 депутаты Кара-Суу айылынан шайланган.

Жергиликтүү кеңештин жаш депутаттарынын бири Жолдошбек уулу Адилет менен маек курдук. Ал эл менен иштешүүдөгү кыйынчылыктар жана маселелер тууралуу ой бөлүштү.

“Мен, Жолдошбек уулу Адилет, 1990-жылы Кара-Суу айылында туулгам.

Кара-Суу Айыл аймагынын депутаттары

Кара-Суу айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты болуп 2021-жылдын 11- апрелинде шайлангам. Бул жумуш жагат деп да, жакпайт деп да, айта албайм. Бул жумушта эл менен иштеш керек, эл менен иштөө кыйын. Кээ бирөөнө жагасын, кээ бирөөнө жакпайсын. Биз жаңы депутатыкка келгенде көп маселелерди түшүнчү эмесбиз. Биздин айылда көйгөйлөр көп. Булардын бири жол маселеси, суу.

Суу түтүгү бузулган жер

Негизинен биздин айыл өкмөтүбүздүн бюджети аз”.

— Эмне себептен жолдун чырагы жана суу өчүп жатат?
“Кара-Суу айылынын суу трубаларына көп жыл болду. Кээ бир жерлерин оңдоо максатында Кара-Суу айылдында суу өчүрүлөт. Суу түтүктөрү оңдолуп, кайра суу берилет.

Суу түтүгү оңдолду

Бул иштин аткарылышын айылдын башчысы көзөмөлдөп турат.”

Спорт комплексинин курулушу качан аяктайт?
“Спорт комплексинин эң башкы жумушу аякталган.
Бирок кээ бир жерлерин дагы бүтүрүү керек. Анын бири: фундамент куюу жана жасалма газонду төшөө. Эң кыйын көйгөй бул газонду сатып алуу. Газондун болжолдуу баасы 1 миллион сомдон ашык. Айтылгандай эле Кара-Суу айылынын бюджети аз болгондуктан, аянтчаны бүтүруү планын биз 2022-жылдын күз айларына чейин пландадык”, — дейт депутат.

Кара-Суу айыл аймагында 2021-жылы 4 долбоор ишке ашкан 

 

Элина Мамбетова, Нурзат Бексултанова