“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Системанын эскилигине карабай айыл эли таза суу менен камсыз болду

6 Февраль 2022 жыл 15:19
Көрүүлөрдүн саны: 246

Таза суу менен элди камсыздоо мамлекет үчүн чоң көйгөйлөрдүн бири болуп келе жатат. Азыркы убакта  «600 дөн ашык айыл таза сууга муктаж, ал эми 350 дөн ашык эл турган жерлерде таза суу мурун такыр болгон эмес». (Интернет булактарынан). Мамлекеттик «Таза суу» программасында 2024-жылдын аягына чейин мына ушул айылдарды таза суу менен камсыз кылуу долбоорлонгон.

Жайыл районунун Кара-Суу Айыл аймагындагы тургундарды таза суу менен камсыз кылуу системасы 20- кылымдын 60-70-жылдарында курулган. Азыр бул система эскирип, көпчүлүк нерселерин оңдоп-түзөш керек болууда.

1960 — жылдары курулган суу мунарасы

Жакында, февраль айларынын башында, тереңден суу соргуч мотор күйүп кетип, айыл таза суусуз калды. Мындай абал айылда болот. Тереңден суу соргуч насос бир же эки жылга чейин чыдап иштейт. Айылдагы суу соргуч насостун иштен чыгышын

 

Суу түтүктөрү

Кара-Суу Айыл өкмөтүнүн башчысы Дженбаева Насипа уккандан кийин кол алдындагы кызматкерлерге көрсөтмөлөрдү берип, айыл тургундарын тезирээк таза суу менен камсыз кылууну талап кылды. Кызматкерлер керектүү финансы жана башка каражаттар менен камсыз кылынып, айыл үч кундүн ичинде суу менен камсыз болду. Кара-Суу айылынын суу системасын оңдоодо депутаттар, Айыл өкмөттүн кызматкерлери, Айыл старостасы-Алиев Төрөбек, Кара-Суу айылынын суу системасына жооптуу адис Сманов Алмаздын ыкчам аракеттеринин негизинде Кара-Суу айылынын тургундары үч күн өтпөй таза суу менен камсыз болушту.

 

Сманов Алмаз Кара-Суу айылынын суу системасына жооптуу адис. Таза суу келди.

Айыл тургундары, ушундай кыш айларында бузулган суу системасын оңдоп, айылдыктарды тез аранын ичинде суу менен камсыз кылган Кара-Суу Айыл өкмөтүнүн башчысы Дженбаева Насипага, Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине, депутаттарга өз ыраазычылыктарын билдирип, чоң рахмат айтууда.

 

Тереңден суу сордуруучу жай

Айткандай, Кара-Суу айылынын суу системасы 20-кылымдын 60-70-жылдарында курулган. Системанын көп жерлери бузук. Айыл өкмөттөн каражат бөлүнүп, айылдын старостасы Алиев Төрөбек менен айылдын суу системасына жооптуу адис Сманов Алмаз, бузулган жерлерин каздырып, жыл бою оңдошуп, тургундарды таза суу менен камсыз кылып келе жатышат.

 

Султаналы Чакчагаев