“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

35 жыл мектепте эмгектенген техникалык кызматкер

8 Февраль 2022 жыл 17:00
Көрүүлөрдүн саны: 272

Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургуну Эркингүл Токмамбетова айылдын келини. Ал 35 жылдан бери Кара-Суу орто мектебинде техникалык кызматкер болуп иштеп келе жатат.
“Айылдын мектебинде Эркингүл Токтомамбетованын иштегенине 35 жыл болду. Өз ишин так, тыкан аткарган киши. Райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы, профсоюз комитетинин ар кандай сыйлыктары менен сыйланган. Азыр ал киши пенсияда болсо да, эмгектенип келе жатат.

Токмамбетова Эркингүл мектепте 1986-жылдан бери техничка болуп эмгектенет

Айыл жергесинде мектепте эмгектенгендердин баары администратор, мугалим же башка мектептин кызматкери болобу балдарды тарбиялоодо өз салымын кошушат. Эркингүл Токтомамбетова жетектеген техникалык кызматкерлер тобунун эмгеги өтө зор,

Токмамбетова Эркингүл иш үстүндө

ушу кишилердин эмгеги менен мектепте дайыма тазалык сакталып, окуучуларыбыз оорубай, сыркоолобой окуп келе жатышат», — дейт мектептин директору Калбүбү Азаркулова.

 

Техникалык кызматкерлер: Абыкеева Гүлнара жана Токмамбетова Эркингүл

Кара-Суу орто мектебинин жамааты мектептин техникалык кызматкерлерине ден-соолук жана ийгилик каалашат.

 

Чакчагаев Султаналы