“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Элеттеги депутат айымдар

9 Февраль 2022 жыл 12:15
Көрүүлөрдүн саны: 213

Чүй облусунун Кара-Суу Айыл аймагынын Кара-Суу Айылдык Кеңешине 11 депутат шайланган. Алардын 4 депутаты Кара-Суу айылынан. Төрт депутаттын 2 аял.

Кара-Суу айылынан төрт депутат шайланган. Алар Кара-Суу айылынын тургундары Молдобеков Элизар, Кокешов Адилет, Бекматова Айша жана Кокешова Айгүл. Акыркы шайлоодо аялдарга квота берилип, айылдык кеңештерге аялдар да шайлана баштады.

 

Кара-Суу Айылдык Кеңешинин депутаттары-Бекматова Айша жана Кокешова Айгүл

Айша Бекматова Кара-Суу айылынын «Ботокөз булак» бала бакчасынын директору болуп, бакча ачылгандан бери эмгектенип келе жатат. Билими жогорку. Айша Бекматованын жетекчилиги астында бакчанын коллективи далай ийгиликтерге жетишти. Конкурстарда алдыңкы орунду ээлешип, райононун Ардак грамотасы, баалуу сыйлыктарга ээ болушкан.

 

Уктоо бөлмөсүндө

Ал эми Айгүл Кокешова болсо Кара-Суу айылында туулуп өскөн, 2021-жылы Кара-Суу Айылдык Кеңешине депутат болуп шайланып, иштеп келе жатат. Билими атайын орто, «Ботокөз булак» бакчасында тарбиячы болуп иштеп жатат. Бакчанын жетекчиси Айша Бекматова:

«Келечекте айыл өкмөттүн кызматкерлери менен бирдикте долбоор жазып, айылга бакча ачсак жакшы болот эле, барган сайын балдардын саны көбөйүүдө, үйдө олтурган балдар көп болуп жатат. Мектептеги бакчанын аянты биз үчүн кичине болуп калды.

 

Кокешова Айгүл — «Ботокөз булак» бакчасынын тарбиячысы

Жаңы окуу жылынан баштап, «Ботокөз булак» бала бакчасында дагы бир тайпа ачылып, балдардын саны көбөйдү. Бакчанын кызматкерлеринин саны да өсүп, 8 киши болуп, айылдын келиндери дагы иш менен камсыз болуп, жакшы эле болду».

Азыркы убакта айылдын бакчасы иштейт, имарат жылуу, балдардын ден- соолуктары жакшы, санитардык-гигиеналык абал туруктуу.

Кара-Суу айылында 35 жыл мектепте эмгектенген техникалык кызматкер тууралуу бул жерден окуңуз. 

Султаналы Чакчагаев