“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Нооруз майрамы

21 Март 2022 жыл 15:42
Көрүүлөрдүн саны: 198

Бүгүн, 21-мартта, Кыргызстанда Нооруз майрамы майрамдалып жатат. Мекенибиздин бардык аймактарында бул жаз майрамы ар жыл сайын майрамдалып, жакшылыктын жышааны катары кабыл алынат.

Мына бүгүн дагы Жайыл районунун Кара-Суу Айыл аймагынын Кара-Суу айылында Нооруз майрамы тосулду. Айылдын карылары, жаштары жана балдары чогулушуп жаз майрамынын келиши менен бири бирин куттукташып, тосуп алышты.

Нооруз майрамын тосуп алуу

Уюштуруучулар тарабынан мал союлуп, айылдын тургундарына, конокторуна сый тамагы тартылды.

Майрамдын сый тамагы

Быйыл Ноорузду тосуу кезеги айылдын кушчу уруусуна келген. Айта кетсек айылда солто, саяк, азык, саруу, кушчу уруулары илгертеден бери ырыс-ынтымакта жашап келе жатышат.

 

Майрамдын уюштуруучулары: Колбаев Руслан, Какешов Таалай жана Какешов Кумарбек

Ар кандай оюн-зооктор өткөрүлүп, майрамдын аягы ат чабыш, улак тартыш менен аяктады.

Ат майданында

Нооруз майрамы тосулуп, айылдыктар жазгы талаа иштерин аяктоого киришет. Азыркы убакта жер айдалып, арпа, буудай себилип жаткан учур.

 

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы