Кыргыздын боз үйү кылымдарды карыткан дүйнөдөгү турак жайлардын бири. Нечендеген кылымдардан бери боз үй кыргыз элинин кызматында. Чүй облусунун Кара-Суу айылынын аксакалы Молдобеков Эсенбектин жана жаштарынын демилгеси менен айыл тургундары жаңы боз үйлүү болушту.
Боз үй айыл жергесинде керектүү нерсе. Кыргыздын тойлору, майрамдары ансыз өтпөйт. Боз үй жок — тойдун көркү жок. Айылдын аксакалы Молдобеков Эсенбектин айтуусу боюнча:
«Айылдын жаштары аксакалдарга кайрылып, айылга бир боз үй алып койсок жакшы болмок эле, чогулткан акчабыз бар, бирок жетпей жатат», — деп ойлорун ортого салышкан.
«Балдар, жакшы иш экен, орозо айы да жүрүп жатат. Анда эмесе, кап этпесеңер, калган акчасын мен кошойун да айылыбызга бир боз үй алып коюлу дедим», — деп айтты айылдын аксакалы.
Ошентип, боз үй алынып, 14-апрелде айылдын ортосуна тигилип, аксакалдар чакырылып, дасторкон жайылды. Карыялар ак батасын беришти.
Бул боз үй айылдын жакшылыгына эле тигилсин деп тарашты. Айыл тургундары Молдобеков Эсенбекке жана айылдын жаштарына өз ыраазычылыгын билдиришип, ырахматын айтышты.
Султаналы Чакчагаев